Урматтуу достор!

Уюткулуу журтубуздун эзелтеден бери келе жаткан улуу күнү, Нооруз майрамы менен куттуктайбыз.

Жакшылыктын жарчысы болгон ушул күнү элибизге токчулук, бейпилдик, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз!

 14116

Урматтуу айымдар!

Жадыраган жаз айы менен бирге кирип келген 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.  Сиздерге  жаз күнүндөй назиктикти, күн нурундай жарыктыкты каалап, ылайым үй-бүлөөнүздө куттуу эне, жакындарыңыздын сүйүктуу жаншериги, элибизде сыйлуу инсан жана жашоодогу эң бактылуу аялзаты болушуңузга тилектешбиз.

791718

Ар дайым ден соолукта болуп, ой максаттарыныздарга жетишип жүрө бериңиздер!

Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди келе жаткан 2014 жаңы жылыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

    Жаңы жыл баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө тынччылык, аманчылык, эл –жерибизге береке, ынтымак, молчулук жана токчулук алып келген акжолтой, ийгиликтердин жылы болсун! Мамлекетибиздин келечеги кең жана ачык болсун! Мекенибиздин тагдырын ойлогон, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган билимдүү, ыймандуу кыргыздын патриот уул-кыздары көбөйө беришин каалайбыз.

Жылкы жылы жашообузга жаңы жетишкендиктерди жана жакшылыктарды ыроолоп келсин! Элибиздин каалоо-тилектери, ой- максаттары орундалып, ак эмгегиңердин үзүрүн көргүлө!

Дагы бир ирээт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!








Ош шаарында «Мальвина» аттуу балдар бакчасы колдонууга берилди


Ош шаарында Достук кичи районунун Макаренко көчөсүндө 2 кабаттуу «Мальвина» балдар бакчасы курулуп, 6-июнь күнү колдонууга берилди. «Мальвина» балдар бакчасы 100 бала үчүн ылайыкташкан жана бардык шарттары менен түзүлгөн. Учурда бакчага кыргыз, өзбек, орус ж.б. ар улуттан балдар кабыл алынып, иштей баштады. Ачылышка келген коноктор жана ата-энелер бала бакчанын курулушуна себепкер болгон демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришип, ушул бакчадан келечекте өлкөнүн өнүгүүсүнө, ынтымагына жана тынчтыгына салым кошкон уул-кыздардын билим жана тарбия алышына тилектеш экендиктерин белгилеп кетишти. Айта кетсек, бала бакчанын курулушуна«Адилеттүү Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Акрамжон Мамадалиев менен кошо бир канча мүчөбүз демөөрчүлүк кылган жана мындан ары да колдоо көрсөтүп турушаарын айтышты.